Түркияда эмдөөдөн өткөн медицина кызматкерлеринин саны 100 миңден ашты
Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, CoronaVac вакцинасына байланыштуу билдирүү жасады.
Түркиянын Фармацевтика жана медициналык шаймандар агенттиги тарабынан иликтөөлөрү аяктагандан кийин «шашылыш колдонууга» уруксат берилген CoronaVac вакцинасын медицина кызматкерлери ала баштады.
Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, эмдөөдөн өткөн медицина кызматкерлеринин саны 100 миңден ашканын билдирди.
Министри Фахреттин Кожа Твиттерден Түркиянын Фармацевтика жана медициналык шаймандар агенттиги тарабынан иликтөөлөрү аяктагандан кийин «шашылыш колдонууга» уруксат берилген жана медицина кызматкерлерине сайыла баштаган CoronaVac вакцинасына байланыштуу билдирүү бөлүштү.
«Азыркы учурда биринчи доза вакцинасын алган медицина кызматкерлеринин саны 100 миңден ашты. Түркия эмдөө программасын ишке ашырууда күчтүү инфраструктурага ээ. Ошол күчкө ишенип колдоо көрсөткөндөрдүн бардыгына ыраазычылык билдирем» деген министр Кожа, эмдөөдөн өтүп жаткан медициналык кызматкерлердин санын камтыган "https://covid19asi.saglik.gov.tr/" шилтемесин бөлүштү.