Түркия Израилдин жаңы отукташуу пландарына каршы

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги жазуу түрүндөгү билдирүүсүн жарыялады.

1562374
Түркия Израилдин жаңы отукташуу пландарына каршы

Түркия, Израилдин Батыш Шериада мыйзамсыз 850 турак үйдүн конушуна имараттын пландарын жактыра тургандыгы жөнүндөгү жарыяларды санааркоо менен укканын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Израилдин мыйзамсыз отурукташуу иштерин ылдамдатуусуна байланыштуу, «Израилдин Батыш Шериада кошумча 850 мыйзамсыз турак жай куруу планын жактырат деген билдирүүсү бизди тынчсыздандырат»,делди.

Билдирүүдө бул кадам Израилдин Америка Кошмо Штаттарындагы (АКШ)жаңы администрация кызматка киришкенге чейин мыйзамсыз аракеттеринин акыркы мисалы болуп саналаары белгиленип,«Израиль аймактык бүтүндүгү бар көз карандысыз жана суверендүү Палестина мамлекетинин түзүлүшүнө жол бербөөгө жана эки мамлекеттүү чечим табуу мүмкүнчүлүгүн жок кылууга аракет кылып жатканы айдан ачык. Биз Эл аралык жамаатты, БУУнун чечимдери баш болгон эл аралык мыйзамдарды тебелеген мындай пландарды токтотуусу үчүн Израилге керектүү кысым көрсөтүүгө жана бул агрессивдүү аракеттерге каршы турууга чакырабыз»,деген сүйлөмдөр камтылды.

Израиль бийлиги кийинки жумада жөөт отурукташуучулары үчүн Батыш Шериада дагы 850 үй куруу чечимин жактырары белгиленген.



Тектеш кабарлар