Дүйнөдөгү эң мыкты салттуу даамдардын катарына Түркиядан 5 тамак кирди

Дүйнөдөгү эң мыкты салттуу тамактар аныкталды.

1562844
Дүйнөдөгү эң мыкты салттуу даамдардын катарына Түркиядан 5 тамак кирди

Дүйнөдөгү эң мыкты салттуу даамдардын катарына Түркиядан 5 тамак кирди.

Ajans Press агенттигинин TasteAtlas көрсөткүчтөрүнө таянып берген маалыматына караганда, дүйнөдөгү эң мыкты салттуу тамактар аныкталды.

Тизменин башында Италиядан Маргерита Пицца турса, экинчи орунду "Адана Кебаб" алды. Үчүнчү орунду болсо Япониянын Рамени (кесме) ээледи.

Түркиядан тизмеге кирген берки даамдуу тамактар болсо; долма (голубцы), сарма (оромо), көфте (катлет) жана дөнер кебаб деп тизмектелди.

Ajans Press ошондой эле түрк ашканасы жөнүндө басма сөздө чагылдырылган жаңылыктардын санын да иликтеди. Бул маалыматка ылайык, 2020-жылдан бери түрк ашканасы жөнүндө 3 миң 307 жаңылык жарыяланды.



Тектеш кабарлар