Президент Чанкая сарайында Европа өлкөлөрүнүн элчилери менен жолугушту

Президент Режеп Таййип Эрдоган : "Эч кандай күчкө ээ болбогон максималисттик карталарда өлкөбүздүн жээктеринде  калуу аракеттерине каршыбыз",-  деди.

1562175
Президент Чанкая сарайында Европа өлкөлөрүнүн элчилери менен жолугушту

Президент Режеп Таййип Эрдоган : "Эч кандай күчкө ээ болбогон максималисттик карталарда өлкөбүздүн жээктеринде  калуу аракеттерине каршыбыз",-  деди.

Биримдик тилектештиги шылтоосунун артында Түркия  - Европа  Биримдиги күн тартибинин кыянатыкка колдонулгандыгын белгилеген Эрдоган : «Булмамиле бир тараптан тектүү карым  - катнаштарыбызды туткунга алып, бир тараптан  биримдиктин регионалдык жана глобалдык держава болуу оюн күчсүздөнтүүдө.  Чыгыш Жер Ортолук деңизин атаандаштык аянтына эмес, узак мөөнөттүү кызыкчылыктарыбызга кызмат кылган кызматташтыктын аянтына айландырышыбыз керек”,- деди.

Эрдоган борбор шаар Анкарадагы Чанкая сарайында Европа өлкөлөрүнүн Анкарадагы элчилери менен жолугушту.

"Грецияны чыңалууну күчөткөн кыймылдардан баш тартууга чакырабыз" ,- деген  Президент иликтөө сүйлөшүүлөрүн жаңы доордун жарчысы болоруна ишенгендигин  айтты.

Европа Биримдигинин акыркы кезде Кипрдин түрк тарабы менен эч кандай байланышынын болбогонун белгилеген Режеп Таййип Эрдоган сөзүн төмөнкүчө улантты: “Европа Биримдиги Кипр маселесин чечүүдө кандайча жеңилдетүүчү ролду ойной алат. Түркия менен Түндүк Кипр Түрк Республикасы ичинде орун албаган эч бир теңдемеден Жер Ортолук деңиз тынчтыгынын чыкпай тургандыгы белгилүү. Кипрде ийгиликсиз болгон моделдерди кайрадан сүйлөшүүнүн ордуна жаңы жана реалдуу альтернетивдерди талкуулашыбыз керек”.

Европадагы исламофобиялык мамилелерге да токтолгон Президент Эрдоган : “Исламга каршы туруу Европада жашаган 6 миллионго жакын инсаныбыздын коопсуздугун коркунучка салуу менен бирге Европа баалуулуктары жактан да чоң бир кара тешикке айланууда”,- деди.

Эрдоган Түркия  - Европа Биримдиги карым – катнаштары тууралуу : "Өлкө катары биз узак мөөнөттүү келечек менен позитивдүү күн тартибин түзүүгө жана мамилелерибизди калыбына келтирүүгө даярбыз. Өлкөбүздүн 60 жылдык мүчөлүк процесси биз үчүн стратегиялык тандоо болгондой эле, Европа Биримдиги тарабынан биздин өлкөнү толук мүчөлүккө кабыл алуу биримдиктин келечеги үчүн онтологиялык тандоо болот. Brexit менен бирге келген белгисиздик Түркия тарабынан Европа үй - бүлөсүндө татыктуу орун алуу менен гана чечиле алат" ,- деди.

Бажы биримдигинде жаңылануунун керектигине көңүл бурган Эрдоган: "Миграция  өзгөрүлүп жаткан чындыктарды эске ала турган жана  мамилелерибизге ишеним менен дем бере тургандай аткарылышы керек»,- деди.  

Түркиянын терроризмге каршы күрөшү боюнча Эрдоган эч бир НАТО өлкөсүн жалгыз калтырбасын эскертип : «Кызык эмнеге НАТОнун башка өлкөлөрү бизди жалгыз таштап жатышат?",- деп сурады.

Президент ошондой Ковид-19га токтолуп : "Адамдарда сыноо баскычына келген жергиликтүү вакциналарды керектүү бекитүүлөрдөн кийин, элибиздин жана жалпы адамзаттын кызматына сунабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар