Эгей университетинин вакцинасы жаныбарларга сыноодо ийгиликтүү болду

Эгей университети тарабынан иштелип чыккан ДНК вакцинасынын жаныбарларга сыноосунун ийгиликтүү болгону маалымдалды.

1561998
Эгей университетинин вакцинасы жаныбарларга сыноодо ийгиликтүү болду

Эгей университетинде коронавируска (Ковид-19) каршы иштелип чыккан ДНК вакцинасы жаныбарларга сыноодо ийгиликтүү болду.

Коронавирустан коргонуу максатында ТҮБИТАКтын колдоосу менен Эгей университети тарабынан иштелип чыккан ДНК вакцинасынын жаныбарларга сыноосунун ийгиликтүү болгону жана жакынкы күндөрү клиникалык сыноолордун башталары маалымдалды.

Эгей университетинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Медицина факультетинин окутуучусу доц. др. Мерт Дөшкая изилдөөлөрүн улантып жаткан ДНК вакцинасынын жогорку биотехникалык вакцина ыкмасы экендигине көңүл бурду.

Коронавируска каршы 4 башка прототип иштеп чыгышкандыгын белгилеген Дөшкая: «Жаныбарларга эксперименттөөдө ийгиликтүү болдук жана кааланган натыйжаларга жетиштик. Биз иштеп чыккан 2 вакцинанын прототиби эксперименталдык жаныбарларда күчтүү клеткалык жана секретордук иммундук реакцияны стимулдаштырды. Азыр биз клиникалык баскычка баратабыз, даярдыктарыбызды аяктоо алдында турабыз»,-деди.

Дөшкаянын айтымында, алар иштеп чыккан вакцина клиникалык сыноо баскычында ыктыярчыларга сыналат.



Тектеш кабарлар