Варанк: «VLP вакцинасы боюнча ДСУ тизмесинде бир гана изилдөө 1-фазадан өттү. Биз экинчи болобуз»

Министр Варанк VLP менен иштелип чыккан вакцинаны изилдөөнү жеринде байкады.

1560798
Варанк: «VLP вакцинасы боюнча ДСУ тизмесинде бир гана изилдөө 1-фазадан өттү. Биз экинчи болобуз»
asi calismasi.jpg
varank vlp asi calismasi.jpg

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк жаңы коронавирус түрүнө (Сovid-19) каршы эмдөөнүн эң инновациялык ыкмаларынын бири деп эсептелген вирус сыяктуу бөлүкчөлөргө (VLP) негизинделген вакцина боюнча айдын аягына чейин адамда изилдөөгө өтүүнү каалагандыктарын билдирди.

Варанк VLP менен иштелип чыккан вакцинаны изилдөөнү жеринде байкады. TÜBİTAK Мармара Технополисиндеги (MARTEK) Биотехнологиялык фармацевтикалык фабрикада болгон Варанк, изилдөөлөр жөнүндө тийиштүү кызматкерлерден маалымат алды.

Министр Варанк өз билдирүүсүндө, VLPге байланыштуу вакцинаны изилдөөдө маанилүү этапка жетишкендиктерин жана вакцинанын фазалык баскычка, башкача айтканда, адамдын сыноолоруна өтүшү үчүн керектүү өндүрүштөрдүн жасалгандыгын жана ушул айдын аягына чейин Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашып, адамда изилдөө (фазалык изилдөө) ишин баштоону каалаарын билдирди.

Варанк: «Дүйнөдө бул жаатта изилдөөлөр бар (VLP вакцинасы), айрыкча Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун (ДСУ) тизмесинде, бирок азырынча бир гана изилдөө 1-фазадан өттү. Мен биз экинчи болобуз деп ишенем»,-деди.

Варанак, вакцина изилдөө протеинге негизделген изилдөө деп эсептейбиз, бул абдан ишенимдүү жана таасири өтө жогору деп билдирди.

Эгерде вакцина фазалык изилдөөлөрдөн ийгиликтүү өтсө, Варанк массалык өндүрүшкө киришээрин белгилеп, «Биринчи этапта 50 миллион доза вакцинаны өндүрүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Керек болсо биз аны көбөйтө алабыз. Буга дүйнөнүн талабы болушу мүмкүн, анткени бул вакцинанын инновациялык ыкмасы»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар