YTBнин Түркия стипендиялары үчүн кайрылуулар эртең башталат

Түркия стипендияларына 2020 -  жылы 172 өлкөдөн алынган 156 000 кайрылуу Түркиянын эл аралык билим берүүдө ыңгайлуу борбор болгондугун белгилөөдө.

1560357
YTBнин Түркия стипендиялары үчүн кайрылуулар эртең башталат

Өлкө тышындагы түрктөр жана тууган коомдор башкармалыгы YTBнин  дүйнөнүн төрт тарабынан эл аралык студенттерге Түркияда  жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгүн берген «Түркия стипендиялары» программасынын 2021 – жыл үчүн кайрылуулары эртең башталат.

Дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнө ачык болгон Түркия стипендиялары 2021 – жыл үчүн кайрылуулары 10 – январдан 20 -  февралга чейин алынат. Кайрылуулар жогорку билим, магистрдык жана доктора программаларында билим алууну каалаган талапкерлерге ачык болот. Жүздөгөн өлкөдөн студенттерге Түркиянын эң престиждүү университеттеринин каалгаларын ачкан стипендияларга www.turkiyeburslari.gov.tr адресинен кайрылууга болот.

Түркия стипендиялары университет бөлүмдөрүнө жайгаштыруу, айлык стипендия, окуу акысы, медициналык камсыздандыруу, жатакана, турак -  жай, акысыз кесиптик жана академиялык программалар жана учак билети мүмкүнчүлүктөрү менен дүйнөнүн эң кенен стипендия программасы катары алдыга чыгууда.

Түркия стипендияларына 2020 -  жылы 172 өлкөдөн алынган 156 000 кайрылуу Түркиянын эл аралык билим берүүдө ыңгайлуу борбор болгондугун белгилөөдө.



Тектеш кабарлар