Сомалидеги кол салууда каза болгон жана жаралангандар өлкөгө алып келинди

Сомалиде 2 -  январда түрк фирмасына карата жаслаган террордук кол салууда 2 түрк жараны каза болуп, 4 түрк жараны жараланган.

1556793
Сомалидеги кол салууда каза болгон жана жаралангандар өлкөгө алып келинди

Сомалидеги террордук кол салууларда каза болгон түрк жумушчулар Селами Айдогду менен Эрдинч Генчтин жаназалары менен окуяда жараланган 4 жумушчу түрк аба жолдоруна таандык учак менен өлкөгө алып келинди.

Сомалинин борбор шаары Могадишодон учкан учак менен Стамбул аэропортуна келген жаралуу жумушчулардан Өмер Айдогду журналисттерге берген маалыматында кол салуунун асфальт төшөө учурунда болгондугун айтты.

Жарылуу болгондо жерге жаткандарын айткан Айдогду : «Ата – бала   иштеп жатканбыз. Кол салууда уулум каза болду. Абдан чоң жоготуу»,- деди.

Айдогду Сомалиге иштөө үчүн Чормудан барышкандарын жана 6 киши экендерин билдирди. Кол салууда жараланган Явуз Эржан болсо кол салуунун санааркатуучу экендигин бирок тирүү калгандарын белгилеп : «Жакындарыбызды жоготтук, абдан өкүнүчтүү. Мындай болбосо болмок бирок колдон эч нерсе келбейт»,- деди.

Кол салууда бутунан жараланган Шакир Четинкая да  ооруканага алып барылды.

Айдогду жана Гечтин  жаназалары туулган жери Чорумга алып барылды.

Сомалиде 2 -  январда түрк фирмасына карата болгон террордук кол салууда 2 түрк жараны каза болуп, 4 түрк жараны жараланган.



Тектеш кабарлар