Сомалиде түрк курулуш фирмасына кол салуу болду

Кол салууда 4 жумушчу жараланды.

1556088
Сомалиде түрк курулуш фирмасына кол салуу болду

Сомалиде бир түрк фирмасына таандык курулушка карата жасалган жан кечтилик кол салууда 4 киши каза болуп, 4 түрк жараны да жараланды.  

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта террордук кол салууда жараланган 4 түрк жаранынын саламаттыгынын жакындан иликтенгендиги баса белгиленди.

Кол салуу катуу айыпталган билдирүүдө өзгөчө : «Могадишо – Афгойе жолунун курулушун моюнга алган жана Сомалинин өнүгүшүнө жана бейпилдигине салым кошкон бир түрк фирмасынын жумушчуларын бутага алган кол салууну айыптап, жаралангандардын бат айыгып кетишин каалайбыз. Дос жана бир тууган Сомали өкмөтү менен Сомали калкынын жанында экенибизди дагы бир жолу баса белгилейбиз»,- деп билдирилди.

 



Тектеш кабарлар