Калындын 2020-жылга баа берүүсү...

Президенттин Коопсуздук жана тышкы саясаттар кеңеши Ибрахим Калындын төрагалыгы астында видео конференция менен чогулуп, 2020-жылга баа берди.

1554952
Калындын 2020-жылга баа берүүсү...

Президенттиктин басма сөз катчысы жана Президенттин Коопсуздук жана тышкы саясат кеңешинин төрагасынын милдетин аткаруучу Ибрахим Калын, Сирия жана Иракта ПКК,ПЙД/ЙПГ жана ДЕАШ сыяктуу террордук уюмдар менен күрөшүүнүн ийгиликтүү улантылып жаткандыгын айтты.

Президенттин Коопсуздук жана тышкы саясаттар кеңеши Ибрахим Калындын төрагалыгы астында видео конференция менен чогулуп, 2020-жылга баа берди.

Дүйнөгө жайылган коронавирустун жаңы түрүнүн (Ковид-19) пандемиясына каршы Түркиянын күчтүү саламаттык сактоо тутуму менен жүргүзгөн ийгиликтүү күрөшүүсү баса белгиленген жыйналышта, Түркиянын эпидемияга каршы күрөштө чет өлкөлөргө көрсөткөн колдоолору эске салынып, жакшылык үчүн күрөштө дүйнөдө биринчи катарда турган Түркиянын тилектештик жана кызматташтык саясатын 2021-жылда дагы чечкиндүүлүк менен уланта берери баса белгиленди.

Чыгыш Жер Ортолук деңизи жана Ливияда жүргүзүлгөн туруктуу саясаттын натыйжасында Түркиянын улуттук кызыкчылыктары жана укуктары корголуп, Түркиясыз эч кандай теңдеме ишке ашпай турганы баса белгиленген жыйында, Сирия жана Иракта ПКК, ПЙД/ЙПГ жана ДЕАШ сыяктуу террордук уюмдарга каршы күрөш ийгиликтүү жүргүзүлгөнү жана аймактын коопсуздугу жана ыраттуулугуна салым кошулганы белгиленди.

Жыйналыштын жүрүшүндө, Түркиянын улуттук эгемендигин төңкөрүш жолу менен (2016) жок кылгысы келген чыккынчылык желеси ФЕТӨ менен күрөшүүнүн кечээ болгону сыяктуу, бүгүн жана эртең да чечкиндүүлүк менен улантыларын баса белгиледи.

Жыйналышта Түркиянын аскердик келишимдеринин алкагында, Азербайжан тарапта орун алышынын натыйжасында Тоолуу Карабахта жетишилген жеңиштин таасирлери дагы талкуулады.

Түркиянын жаратылыш газ ачылыштарынын экономика жаатында тышкы көз карандылыгын азайтуу жагынан чечүүчү мааниге ээ болгону баса белгиленген жыйналышта, Улуу Британия менен түзүлгөн Эркин соода келишими менен учурдагы соода-экономикалык карым-катнаштардын корголушу жана өнүктүрүлүшүнүн маанилүү кадамы экенине көңүл бурулду.

Европа Биримдиги (ЕБ) жана Америка Кошмо Штаттары (АКШ) менен мамилелерде аймактык көйгөйлөрдөн келип чыккан келишпестиктерге карабастан маселелерди чечүүдө дипломатияны, тилектештикти жана кызматташтыкты улантуунун маанилүүлүгү баса белгиленип, алдыдагы мезгилде мамилелер оң күн тартиби менен сакталышы керектиги белгиленди.



Тектеш кабарлар