Түркия Йемендеги кол салууну айыптады

3 жардыруудан кеминде 13 адам каза болуп, 65тен ашуун адам жаракат алды.

1554814
Түркия Йемендеги кол салууну айыптады

Түркия, Аден аэропортундагы Йемен өкмөтүнүн мүчөлөрүн бутага алган кол салууну айыптады.

Алгачкы божомолдор боюнча Йемендеги Аден аэропортуна өкмөттүн жаңы мүчөлөрү конгондо болгон 3 жардыруудан кеминде 13 адам каза болуп, 65тен ашуун адам жаракат алды.

Тышкы иштер министрлиги, өткөн жумада кызматына киришкен премьер-министр Муин Абдулмаликтин жетекчилиги астындагы Йемендин жаңы өкмөт мүчөлөрүн ташыган учак Аден аэропортуна конгондон кийин жасалган кол салууну айыптады.

Билдирүүдө: «Кол салуудан каза тапкандардын жаткан жерлери жайлуу болушун тилеп, боордош Йемен элине көңүл айтабыз жана жаракат алгандардын тезинен сакайып кетишин каалайбыз» делди.



Тектеш кабарлар