Хулуси Акар : "2020 - жылы 3646 террорист жок кылынды"

Улуттук коргоо министри Акардын жетекчилигинде кечээ  башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Яшар Гүлер, күч командирлери менен министр орун басарлары катышкан видеоконференция аркылуу жылга баа берүү жыйыны өткөрүлдү.

1554484
Хулуси Акар : "2020 -  жылы 3646 террорист жок кылынды"

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар бир жылда өлкө ичи жана чек аранын тышында жүргүзүлгөн 200дөн ашуун операцияда ПКК террордук уюмдун мүчөсү 3 646 террористтин жок кылынгандыгын белгиледи.

Улуттук коргоо министри Акардын жетекчилигинде кечээ  башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Яшар Гүлер, күч командирлери менен министр орун басарлары катышкан видеоконференция аркылуу жылга баа берүү жыйыны өткөрүлдү.

Жыйында коргонуу жана коопсуздук темалары тууралуу баа берген министр Акар террор менен күрөшүүдөгү ийгиликтерге да токтолду.

Акар : «Жыл боюнча өлкө ичинде жана чек ара тышында жалпы 200дөн ашуун операция жүргүзүлдү. Жүргүзүлгөн ийгиликтүү операциялардын натыйжасында өлкө ичинде жана чек ара тышында жалпы 3 646 террорист жок кылынды. Жок кылынган террористтердин арасында уюмдун башчылары да бар. Ушундайча 2015 -  жыл 24 -  июлда террористтер менен башталган жаңы процессте ушул күнгө чейин жок кылынган жалпы террорист саны 30 416 болду»,- деди.  

Бул операцияларда террордук уюм тарабынан колдонулган баш калкалоочу жерлердин жардырылгандыгын белгилеген Акар : «Өлкө ичинде, чек ара тышында террористтердин канча үңкүрү бар болсо баары талкаланды, талкалоону улантабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар