Эрдоган: «Анадолунун жерлери көркөм өндүрүш үчүн чоң папка сыяктуу»

Президент Эрдоган, Президенттиктин маданият жана искусство боюнча чоң сыйлыктарын тапшыруу аземине катышып сөз сүйлөдү.

1554849
Эрдоган: «Анадолунун жерлери көркөм өндүрүш үчүн чоң папка сыяктуу»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Анадолунун жерлери көркөм өндүрүш үчүн чоң папка сыяктуу экендигин айтты.

Президент Эрдоган, Президенттик комплексте өткөрүлгөн Президенттиктин маданият жана искусство боюнча чоң сыйлыктарын тапшыруу аземине катышып сөз сүйлөдү.

Эрдоган өз сөзүндө сыйлыктарын ала турган илим, маданият жана искусство чеберлерин чын жүрөктөн куттуктап: «Өлкөбүздө искусствону даңазалоого салым кошкондорго ыраазычылыгыбызды билдирүү үчүн Президенттиктин маданият жана искусство боюнча сыйлыктарын тапшырып жатабыз»,- деди.

«Биз жашап жаткан бул жерлер, ушул берекелүү Анадолу, көркөм өндүрүш үчүн чоң папка сыяктуу» деген Эрдоган Анадолуга таандык болсо дагы дүйнөдөгү музейлерди толтурган эмгектердин, бул жерлердин кеңири көркөм мурастарын көрсөтүү үчүн жетиштүү экендигин баса белгиледи.

Эрдоган өнөрпоздорго кайрылып: «Бул улут эстетикалык мааниде күлүнөн жанданып, жоголгон кенчти кайтарып алууңузду күтүп жатат»,-деп айтты.

Андан соң Президенттиктин маданият жана искусство боюнча чоң сыйлыктарына татыктуу деп табылган өнөрпоздорго сыйлыктар тапшырылды.



Тектеш кабарлар