Кытайдан вакциналар эртең Түркияга алып келинет

Түркияга февраль айына чейин Кытайдан 50 миллион доза Ковид-19 вакцинасы келет.

1553889
Кытайдан вакциналар эртең Түркияга алып келинет

Түрк аба жолдору (THY) Кытайдан буюртулган коронавирус (Ковид-19) вакцинасынын 3 миллион дозадан турган алгачкы партиясынын эртең Пекин-Стамбул каттамы менен алынып келе тургандыгын билдирди.

Түрк аба жолдорунун басма сөз кызматынын билдирүүсүндө, вакциналардын THYнын "TK 6175" каттам номердүү "Боинг 777" тибиндеги учагы менен Стамбул аэропортуна жеткириле турганы белгиленди.

Билдирүүдө, биринчи партия үчүн 17 контейнерде жалпы 3 миллион доза вакцина ташыган учактын эртең саат 06.10до Стамбулга келери, андан кийин ал вакциналардын THYна таандык башка рейс менен Анкарага алып келинишинин пландалгандыгы кабарланды.

Түркияга февраль айына чейин Кытайдан 50 миллион доза Ковид-19 вакцинасы келет.

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа жекшемби күнү кечинде жасаган билдирүүсүндө, Пекин бажысындагы Ковид-19 учурунан улам бажы иши убактылуу токтотулганын, андыктан вакциналардын келиши бир-эки күнгө кечигип жаткандыгын маалымдаган болчу.

Президент Режеп Таййип Эрдоган кечээки кабинет жыйында: «Кытайдан буюртулган вакцинанын биринчи партияларынын өлкөбүзгө жаңы жылга чейин жеткирилет деп күтүп жатабыз» деген эле.



Тектеш кабарлар