Түркия Йеменде жаңы өкмөттүн түзүлгөнүн кубануу менен кабыл алды

Тышкы иштер министрлиги жарыялаган билдирүүдө Йемендеги гуманитардык кризистин чечилиши кааланды.

1552830
Түркия Йеменде жаңы өкмөттүн түзүлгөнүн кубануу менен кабыл алды

Түркия, Йемендеги жаңы өкмөттүн кызматын баштоосун кубануу менен кабыл алды.

Тышкы иштер министрлиги жарыялаган билдирүүдө, Йемендеги жаңжал болуп көрбөгөндөй гуманитардык трагедияга айланганы, бул өнүгүү жаңжалдын аякташына жана 6 жылдан ашуун убакыттан бери өлкөдө болуп жаткан гуманитардык кризисти чечүүгө салым кошоооруна үмүт артылганы айтылган.

Бул абал коронавирустун жаңы түрүнүн (Ковид-19) эпидемиясынын таасиринен улам андан бетер начарлаганы айтылган билдирүүдө, «Ушундай шартта, өлкөдөгү туруктуу саясий чечим мамлекеттин эң актуалдуу муктаждыгына айланды. Түркия, сөз болгон жаңжалдын Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинин чечимдерине жана белгиленген эл аралык параметрлерге ылайык, саясий диалог жана конституциялык мыйзамдуулугунун негизинде, Йемендин саясий биримдигин жана аймактык бүтүндүгүн урматтоонун алкагында чечилишин колдойт»,делди.



Тектеш кабарлар