Түркияда коронавирустан 24 саатта 254 киши каза болду
Айыгып ооруканадан чыккан 21 196 киши менен жалпы айыккандардын саны 2 миллион 15 230га жогорулады
1552780
Түркиянын коронавирус менен күрөшүндө 24 сааттын ичинде 254 киши каза болду.
Эпидемиянын башынан бери каза болгондордун саны 19 878ге жетти.
Бир күндө 172 113 тест жасалып, 2 806 жаңы учур катталды. Күнүмдүк бейтап саны 14 205ке жетти.
Айыгып ооруканадан чыккан 21 196 киши менен жалпы айыккандардын саны 2 миллион 15 230га жогорулады.