Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа BioNTech келишими тууралуу маалымат берди

BioNTech вакцинасы тууралуу келишимге кол коюлду.

1552147
Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа BioNTech келишими тууралуу маалымат берди

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа  жаңы тип коронавируска каршы чыгарылган BioNTech вакцинасы тууралуу келишимге кол коюшарын мурунку күнү билдиргенин эске салды. Кожа твиттерден берген маалыматында келишимге кечээ түнү 04:30дан тарта кол коюлгандыгын белгилеп : «Түзүлгөн келишим боюнча бул жыл үчүн бөлүнгөн, профессор доктор Угур Шахин мырза айткан доза көлөмү 550 000 доза. Бул көлөмдөгү дозанын Түркияга жылдын акырында же январь айынын башында келиши күтүлүүдө. Муну менен бирге март айынын акырына чейин 4, 5 миллион доза вакцина өлкөбүзгө тапшырылат. Келишим боюнча тараптардын макулдашуусу менен 30 миллион дозага чейин ошол эле шарттарда вакцина келет»,- деди.

Министр Кожа кечигүүнүн себебинин өндүрүүчүнүн вакцина чыгаруудан чыгышы мүмкүн болгон маселелер менен байланыштуу жоопкерчиликти кабыл алууну каалабашы болгонун белгилеп : «Бул тууралуу өндүрүүчүнүн жоопкерчилигинин келишимдин финансылык чоңдугу менен чектелиши боюнча келишилди. Бул вакцинаны колдонуу үчүн  жарандардан макулдук алынат»,- деди.

Бул келишимдин турмушка ашышында тоскоолдуктардын жоюлушунда профессор доктор Угур Шахиндин чоң эмгеги жаткандыгын баса белгилеген Кожа : «Түркия үчүн жасаган өзгөчөлүгү унутулбайт. Элибиздин атынан дагы бир жолу куттуктаймын»,- деди.



Тектеш кабарлар