Чавушоглу Бангладештин премьер-министри Хасина менен жолукту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Твиттердеги аккаунтунда Бангладеште премьер-министр Шейх Хасина менен жолукканын жарыялады.

1551159
Чавушоглу Бангладештин премьер-министри Хасина менен жолукту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Бангладеште премьер-министр Шейх Хасина менен жолугуп, ал жерде расмий жолугушууларды өткөрдү.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Твиттердеги аккаунтунда Бангладеште премьер-министр Шейх Хасина менен жолукканын жарыялады.

Министр Чавушоглу, бөлүшүүүсүндө, «Биз президентибиз Режеп Таййип Эрдогандын саламын премьер-министр Шейх Хасинага жеткирдик. Элчиликтин имаратын курууга колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирем. Түштүк Азиянын туруктуу өнүгүүсү менен жылдызы жанып келе жаткан Бангладеш биздин «Жаңыдан Азия» демилгебиздин эң маанилүү өнөктөштөрүнүн бири»,- деди.

Бөлүшүүсүндө, Түркиянын көп өлчөмдүү, тышкы саясат мамилеси болгон Азия өлкөлөрү менен Түркиянын ортосундагы соода, инвестиция, билим берүү, коргонуу, технология, маданият жана саясат чөйрөсүндө диалогду жайылтууга чоң маани берген Чавушоглу,«Жаңыдан Азия ыкмасы менен Түркиянын Азия менен болгон финансылык кайра инвестициялоо ыкмасынын диверсификациясынын географиялык бөлүштүрүлүшү, сектордун соода мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтилиши, академиялык кызматташтыктын өнүктүрүлүшү жана социалдык өз ара аракеттенүүсүнүн өркүндөтүлүшү максатталган. Бангладеш, жандуу экономикасы жана жаш калкы менен Түркиянын «Жаңыдан Азия» демилгесиндеги чечүүчү өнөктөштөрүнүн бири катары алдыңкы планга чыгууда», деген сөздөрдү колдонгон.

 



Тектеш кабарлар