Түркия «Оруч Рейс» кемеси үчүн 15-июнга дейре созула турган жаңы Navtex жарыялады

Буга чейин Оруч Рейстин аймакта 2020-жылдын 29-ноябрына чейин иштей турганы жарыяланган.

1550334
Түркия «Оруч Рейс» кемеси үчүн 15-июнга дейре созула турган жаңы Navtex жарыялады

 

«Оруч Рейс» сейсмикалык изилдөө кемесинин Чыгыш Жер Ортолук деңизинде иштей турган аймак үчүн 2021-жылдын 15-июнуна чейин созула турган жаңы Navtex (деңизчилерге жарыя) жарыяланды.

Жарыяга ылайык, 2021-жылдын 15-июнуна чейин узартылган Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги «Оруч Рейс» сейсмикалык изилдөө кемесинин иштерин, «Атаман» жана «Женгизхан» аттуу кемелер коштоосун улантат.

Буга чейин Оруч Рейстин аймакта 2020-жылдын 29-ноябрына чейин иштей турганы жарыяланган.

«Оруч Рейс» сейсмикалык изилдөө кемеси ар кандай геологиялык, геофизикалык, гидрографиялык жана океанографиялык изилдөөлөрдү, айрыкча табигый ресурстарды чалгындоо иштерин жүргүзө алат.

Толук жабдылган жана көп багыттагы сейрек кездешүүчү изилдөө кемелеринин бири болгон «Оруч Рейс», 2 жана 3 өлчөмдүү сейсмикалык, гравитациялык жана магниттик геофизикалык изилдөөлөрдү жасай алат.

Кеме 8 миң метр тереңдикке чейин 3 өлчөмдүү, 15 миң метр тереңдикке чейин эки өлчөмдүү сейсмикалык операцияларды жасай алат.



Тектеш кабарлар