Эрдоган:«Даккадагы Элчилик имаратынын ачылышы Бангладеш менен мамилеге болгон маанинин көрсөткүчү»
Эрдоган Дакка элчилигинин жаңы канцеляриялык имаратынын ачылыш аземине видео кайрылуу жөнөттү.
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын Даккадагы Элчилигинин жаңы канцеляриялык имараттын курулушу Бангладеш менен болгон мамилеге болгон маани-маңыздын көрсөткүчү деп билдирди.
Эрдоган Дакка элчилигинин жаңы канцеляриялык имаратынын ачылыш аземине видео кайрылуу жөнөттү.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун расмий ачылыш үчүн Даккада болгонун жана ачылышка видео кайрылуу аркылуу катышып жаткандыгына абдан кубангандыгын белгилеген Эрдоган, бул кооз имараттын ачылышынын Бангладеш менен мамилелерге берген маани-маңызынын көрсөткүчү экендигин белгиледи.
Бангладеш менен мамилелердин дагы бир маанилүү аспектиси Рохинга мусулмандарынын абалы экендигин эске салган Эрдоган:«Биз Бангладештин(Мьянмадагы) кыргындан качкан рохинга мусулмандарын коргогон гуманитардык жана ак ниет мамилесин баалайбыз. Бангладеш жана Мьянмадагы лагерлерде жашаган рохинга мусулмандарынын азап чегүллөрүнүн токтотулушу үчүн гуманитардык жардам иш-аракеттерин улантабыз. Бул темада Бангладешке колдоо көрсөтүүнү жана маселенин акыйкаттуу чечилиши үчүн мындан ары дагы бардык аянтчаларда аракет кылабыз»,-деди.
Тектеш кабарлар
Европа Биримдигинен (ЕБ) Түркияга карата жогорку деңгээлдеги сапарлар көбөйүүдө
Европа комиссиясынын төрага орун басары Кажа Каллас эртең Түркияга сапар менен келет.