Чавушоглу Дендиаска жооп берди

Чавушоглу, грек кесиптеши Дендиастын Твиттерде бөлүшкөн макаласына жооп жазды.

1548766
Чавушоглу Дендиаска жооп берди

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Грециянын тышкы иштер министри Никос Дендиаска,«Урматтуу Нико, жаңы жылга карата достук кеңеш; башкалардан жардам издөөнү жана грек элинин кадырын түшүрүүнү токтотуңуз»,-деп үн катты.

Чавушоглу, грек кесиптеши Дендиастын Твиттерде бөлүшкөн макаласына берген жообунда, «Урматтуу Нико, жаңы жылга карата достук кеңеш; Башкалардан жардам издөөнү жана грек элинин кадыр-баркына доо кетирүүнү токтотуңуз. 2021-жыл биз түздөн-түз, чын жүрөктөн жана олуттуу сүйлөө менен айырмачылыктарыбызды адилеттүү чечкен жыл болсун»,деген сөздөрдү колдонгон.

Грециянын тышкы иштер министри Дендиас өзүнүн бөлүшүүсүндө, Европа өлкөлөрүнүн Түркияга карата курал эмбаргосу темасын көп жолу Европа Биримдигинин  (ЕБ) күн тартибине алып чыккандарын белгилеп, «АКШ, НАТОнун бүтүндүгүн саботаж кылгандыгы үчүн Түркияга каршы санкцияларды киргизгенин» жазып чыккан.



Тектеш кабарлар