Эрдоган: «Күчтүү инфраструктуранын үстүнө жапжаңы Түркияны куруп жатабыз»

Эрдоган Стамбулдагы "Кагытхане" аянтчасынын ачылышына Вахдеттин сарайынан түз байланыш аркылуу катышты.

1547969
Эрдоган: «Күчтүү инфраструктуранын үстүнө жапжаңы Түркияны куруп жатабыз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, акыркы 18 жылда түптөлгөн күчтүү инфраструктуранын үстүнө жапжаңы Түркияны куруп жаткандарын айтты.

Эрдоган Стамбулдагы "Кагытхане" аянтчасынын ачылышына Вахдеттин сарайынан түз байланыш аркылуу катышты.

Сөз сүйлөөсүндө: «Акыркы 18 жылда түптөлгөн күчтүү инфраструктуранын үстүнө жапжаңы Түркияны куруп жатабыз» деген Эрдоган, өлкөнүн бардык жерлеринде инвестицияларды ишке ашырышканын, шаарлардын көрүнүшүн өзгөрткөндөрүн жана улуттун бардык катмарына атайын долбоорлор жана социалдык колдоо программалары менен кызмат кылгандыктарын билдирди.

Эрдоган, коронавирус (Ковид-19) пандемиясы сыяктуу глобалдык кризистерге жана буга байланыштуу барган сайын күчөгөн экономикалык кыйынчылыктарга карабастан Түркиянын максаттарына карай умтулуусунан баш тартпоосу айрымдарын таң калтырганын белгиледи.



Тектеш кабарлар