Эрдоган: «АКШнын санкция чечими, өлкөбүздүн эгемендик укуктарына ачыктан ачык кол салуу болду»
Президент Эрдоган Нигде-Анкара автожолунун 2-бөлүмүнүн ачылыш аземине видеоконференция менен катышып сөз сүйлөдү.
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) санкция чечиминин Түркиянын эгемендик укуктарына ачыктан ачык кол салуу болгонун айтты.
Президент Эрдоган Нигде-Анкара автожолунун 2-бөлүмүнүн ачылыш аземине видеоконференция менен катышып сөз сүйлөдү.
Сөз сүйлөөсүндө Түркиянын Орусиядан С-400 абадан коргонуу системаларын сатып алганына байланыштуу АКШнын киргизген санкцияларына токтолгон Эрдоган: «Негизги максаты - өлкөбүздүн коргонуу тармагында баштаган ийгиликтерге бөгөт коюу менен бизди көз каранды кылуу»,-деди.
Президент Эрдоган: «АКШнын санкциялар жолу менен терроризмге каршы күрөшүү (CAATSA) темасында Түркиядан башка эч бир өлкөгө мындай санкция киргизилген эмес. Биринчи жолу НАТОнун мүчөсү катары биздин өлкөгө ишке ашырылууда»,- деди.
«Бул (абадан коргонуу) тутумдарын алуу боюнча биздин бир дагы талабыбызды аткарбаган АКШ, муктаждыгыбызды башка жерден камсыздаганыбыз үчүн санкция куралын колдонду» деген Эрдоган: «Бул чечим өлкөбүздүн эгемендик укуктарына ачыктан ачык кол салуу болуп саналат»,- деди.
«Коргонуу өнөр жайыбыздын башчысы Исмаил Демирди жана анын командасын көбүрөөк коргойбуз» деп айткан Эрдоган: «Ушул санкциялык чечим менен биз ар бир тармакта дүйнөлүк лидер деңгээлине жете турган коргонуу өнөр жайын куруу боюнча кадамдарыбызды тездетебиз»,-деди.
Эрдоган: «Коргонуу өнөр жайыбызды бардык жагынан көз карандысыз кылуу үчүн кечээкиден эки эсе көп иштейбиз»,- деп кошумчалады.