Түркияда эмдөө качан башталаары белгилүү болду

Вакциналар Түркиянын төрт бурчуна бир эле мезгилде таратылат.

1544234
Түркияда эмдөө качан башталаары белгилүү болду

Кытайдан заказ кылынган коронавирус (Ковид-19) вакцинасынын колдонулуу графиги белгилүү болду.

Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн пландоого караганда, биринчи вакцина 25-декабрда сайылат.

Эмдөөдө, вируска каршы күрөштүн башында турган саламаттык сактоо тармагынын адистерине артыкчылык берилет. Тобокелдүү топ деп эсептелген 65 жаштан жогорку жарандарга да эмдөө биринчи бөлүгүндө жүргүзүлөт. Өнөкөт оорусу бар бейтаптарга жана үйдөн чыга албай калгандарга даректери боюнча эмдөө жүргүзүлөт. Буга чейин коронавируска чалдыкпаган адамдар гана эмделет.

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа 14-21 күндүн аралыгында эки дозада сайыла турган вакцинанын жарандарга бекер бериле тургандыгын жана үй-бүлөлүк медицина борборлору менен бирге саламаттыкты сактоо мекемелеринде да эмдөө ишинин жүргүзүлөрүн айткан эле.

Вакциналар Түркиянын төрт бурчуна бир эле мезгилде таратылат. Ташуу жана сактоо үчүн муздак аба чынжырчасы орнотулат.

Декабрь айында 20 миллион доза менен бирге Кытайдан жалпы 50 миллион дозалык вакцина келет. Эки дозада сайыла турган вакцина менен 25 миллион адам эмделет.



Тектеш кабарлар