Эрдоган Болгариядагы курултайга видео кайрылуу жөнөттү

Президент Эрдоган, Болгариянын Укуктар жана эркиндиктер партиясынын курултайына видео кайрылуу жөнөттү.

1544223
Эрдоган Болгариядагы курултайга видео кайрылуу жөнөттү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын жакшы коңшулук, достук жана өнөктөштүк мамилелеринин негизинде Болгарияга колдоо көрсөтүүнү уланта турганын билдирди.

Президент Эрдоган, Болгариянын Укуктар жана эркиндиктер партиясынын курултайына видео кайрылуу жөнөттү.

Жыйындын ийгиликтүү өтүшүн, Болгарияда жашаган жарандар үчүн пайдалуу болушун каалаган Эрдоган, курултайда делегаттар тарабынан дайындала турган төрагага жана бардык туугандарга ийгилик каалады.

Коронавирус (Ковид-19) мезгилинде Түркия катары медициналык жардам жана колдоо көрсөтүү менен Болгариянын жанында болгондорун айткан Эрдоган, пандемияда жакындарынан ажыраган мекендештерге жана болгар элине көңүл айтты.

Бул пандемиянын тилектештиктин жана бөлүшүүнүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу эске салгандыгын баса белгилеген Эрдоган: «Саясий күрөштөн укук жана эркиндиктерди кеңейтүү аракеттерине чейин бардык тармакта ийгиликтин ачкычы- ынтымак жана биримдүүлүк болуп саналат. Болгариянын демократиясында маанилүү орунду ээлеген Укуктар жана эркиндиктер партиясынын буюрса жаңы мезгилде бардыгын кучагына алган жолду улантарына ишенем. Түркия катары биз дагы Болгария менен болгон жакшы коңшулук, достук жана өнөктөштүк мамилелеринин негизинде сиздерге колдоо көрсөтүүнү улантабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар