Акар Грецияны сынга алды

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар,Түркия Улуу Улуттук Жыйынында баяндама жасады.

1542829
Акар Грецияны сынга алды

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар: «Жер Ортолук деңизиндеги кырдаалды курчутууну каалаган тарап Греция»- деди.

Хулуси Акар, Түркия Улуу Улуттук Жыйынында баяндама жасады.

Жер Ортолук деңизиндеги кырдаалды күчөтүүнү каалаган Греция экендигин баса белгилеген Акар: «Тилекке каршы, жакшы коңшулуктун алкагында бир чечимге жана тынчтыкка сунулган колубуз ар дайым жоопсуз калды»,-деп айтты.

Греция, Түркия менен кеңешип саясий чечимдерди чыгаруунун ордуна, кээ бир болоору болду деген нерселер менен алектенгенин айткан Акар: «Биз Эгей жана Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги бардык көйгөйлөрдү алдын-ала шарттарсыз сүйлөшүүгө даярбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар