Түркияда коронавирустан дагы 211 адам каза болду

Бир сутканын ичинде 201 миң 219 тест жасалды.

1541908
Түркияда коронавирустан дагы 211 адам каза болду

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 211 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 15 миң 314 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 201 миң 219 тест жасалып, 6 миң 593 бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 33 миң 198 болду.

Ооруканадан айыгып чыккан 5 миң 245 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 441 миң 515ке жогорулады.



Тектеш кабарлар