Эржиес лыжа борбору "Коопсуз лыжа базасы" сертификатын алды

Пандемия мезгилинде Эржиесте коопсуз шарттарды түзүү үчүн бардык даярдыктар бүттү.

1541777
Эржиес лыжа борбору "Коопсуз лыжа базасы" сертификатын алды

Эржиес лыжа борборуна "Коопсуз лыжа базасы" сертификаты берилди.

Кайсери шаардык муниципалитетинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Эржиес лыжа борбору коронавируска (Kovid-19) каршы күрөшүү учурунда бардык чараларды көрүп лыжа сүйүүчүлөрүнө коопсуз эс алуу мүмкүнчүлүктөрүн түзүп берет.

Пандемия мезгилинде Эржиесте коопсуз шарттарды түзүү үчүн бардык даярдыктар бүттү.

193 жылдан бери иштеп келе жаткан жана дүйнө жүзүндөгү эң компетенттүү эл аралык уюм болуп саналган Bureau Veritas, сактык чараларын жана эрежелерин так сактаган Кайсеридеги Эржиес лыжа борборун, коноктоо мүмкүнчүлүктөрү жана тамактануучу жайларын камтыган өз өзүнчө критерийлер боюнча текшерүүдөн өткөрдү.

Гигиена, медициналык текшерүү жана шайкештиктигине баа берилген эки айлык процесстен кийин Эржиес лыжа борборуна Коопсуз лыжа базасы сертификаты тапшырылды.



Тектеш кабарлар