СOVID-19: Түркияда соңку абал

Акыркы 24 саатта вирустан 203 киши көз жумду.

1541183
СOVID-19: Түркияда соңку абал

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 203 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 15 миң 103 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 196 миң 902 тест жасалып, 6 миң 420 бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 32 миң 137 болду.

Ооруканадан айыгып чыккан 5 миң 17 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 436 миң 270ке жогорулады.



Тектеш кабарлар