«Зайтун бутагы» аймагында 17 террорист жок кылынды

Түрк куралдуу күчтөрү операция жүргүздү.

1539492
«Зайтун бутагы» аймагында 17 террорист жок кылынды

«Зайтун бутагы» аймагында бир аскер шейит болгон жаңжалдан кийин жүргүзүлгөн операцияда 17 террорист таасирсиз кылынды.

Түрк куралдуу күчтөрү, жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнин Сириянын түндүгүндөгү террористтерден тазаланган аймактарга кирүү аракетине эң катуу соккулардын бирин берди.

Мурунку күнү «Зайтун бутагы» аймагына кирүүгө аракет кылган террористтер менен кагылышууда бир аскер шейит болду.

Куралдуу жана куралсыз учкучсуз учуучу аппараттар колдонулган операцияда, эки күндүн ичинде 17 террорист таасирсиз кылынды.

Улуттук Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө: «Аскерлерибиз жолдошторунун канын жерде калтырган жок. Операциянын натыйжасында Түрк куралуу күчтөрү 17 террористти таасирсиз кылышты» деп кабарланды.



Тектеш кабарлар