Эрдоган Францияга каршылык көрсөттү

Эрдоган: «Макрон Франциянын башына балээ болду»

1539838
Эрдоган Францияга каршылык көрсөттү

Президент Режеп Тайип Эрдоган, Франциянын президенти Эммануэль Макрондун өз өлкөсүнүн башына балээ болгонун айтып: «Франция өтө коркунучтуу мезгилди башынан өткөрүп жатат. Франция Макрондон тезирээк кутулат деп үмүттөнөм»,-деди.

Президент Эрдоган Стамбулда күн тартибине байланыштуу журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Франциянын Карабахты таануу боюнча мыйзамсыз чечимине карышылык көрсөткөн Эрдоган: «Биринчиден Минск тобу (Азербайжан менен Армениянын ортосунда) ортомчулук кылган мекеме. Франциянын мындай милдеттүү эмес жолго түшкөнү ойлондуруучу. Франциянын ортомчулук өздүгү жоголду»,- деди.

Макрондун Франциянын башына балээ болгонун айткан Эрдоган: «Франция өтө коркунучтуу мезгилди башынан өткөрүп жатат. Франция Макрондон тез арада кутулат деп ишенем. Франция антпесе сары кемселчендерден кутула албай, сары кемселчендерден кийин кызыл кемселчендер да башына балээ болот», деп айтты.

Азербайжандын Армения тарабынан оккупацияланган жерлерин бошотушуна байланыштуу Эрдоган: «Азербайжандык боордошторубуз маселени өздөрү чече алышты, ийгилик каалайбыз. Буюрса шейшемби күнү мен дагы ал жердеги аземдерге жубайым менен катышам»,-деди.



Тектеш кабарлар