«Тынчтык булагы» операциялары болгон аймакка Түркиянын колдоосу уланууда

Шанлыурфа Губернаторлугунун билдирүүсүнө ылайык, Тель-Абядда Шанлыурфа Губернаторлугунун Сирияны колдоо жана координациялоо борборунун (SUDKOM) координациясы менен материалдык жана адеп-ахлактык колдоо иштери улантылууда.

1538555
«Тынчтык булагы» операциялары болгон аймакка Түркиянын колдоосу уланууда

«Тынчтык булагы» операциялары (2019-жылдын октябрь-ноябрь айлары) менен жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККдан тазаланган Сириянын Тель-Абяд  районунда элдин суранычтары боюнча Түркиянын  колдоосу менен диний билим берилүүдө.

Шанлыурфа Губернаторлугунун билдирүүсүнө ылайык, Тель-Абядда Шанлыурфа Губернаторлугунун Сирияны колдоо жана координациялоо борборунун (SUDKOM) координациясы менен материалдык жана адеп-ахлактык колдоо иштери улантылууда.

Ушундан улам, жашоонун кадимки калыбына келүүсү ылдамдаган Тель-Абядда элдин талаптарына ылайык Куран жана Илмихал боюнча сабактар өтүлүп жатат.

Шанлыурфада Эйюбийе мүфтийлигинин координациясы менен жүргүзүлгөн диний билим берүү иш-чараларында Тель-Абяддын борборундагы Абу Талип мечитинде 45, Равза мечитинде 50, Мусаб Бин Умейр мечитинде 14, Дарул Этям мечитинде 20, Женубийе жана Шаркие айылдарында 25 болуп Илмихал жаттоосун аяктаган жалпы 154 окуучуга бир аземде жетишкендик сертификаттары тапшырылды.

Башка жагынан алганда, Тель-Абяддагы 6 миң балага мобилдик кинотеатрлар менен 35 мектепте балдар кинолору көрсөтүлүп социалдык колдоого ээ болушту.



Тектеш кабарлар