Түркиядагы коронавирус боюнча акыркы кырдаал...

Бир сутканын ичинде 183 миң 624 тест жасалып, 6 миң 690 бейтап аныкталды.

1538553
Түркиядагы коронавирус боюнча акыркы кырдаал...

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 193 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 14 миң 129 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 183 миң 624 тест жасалып, 6 миң 690 бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны 31 миң 923 болду.

Ооруканадан айыгып чыккан 4 миң 821 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 414 миң 141ге жогорулады.

Бир тараптан, Илимий комитеттин отурумунан кийин билдирүү жасаган саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, жигерсиз вируска каршы вакцина алуу үчүн келишим түзүлгөнүн айтты.

"Келишим түзүлгөн вакцинанын биринчи бөлүгү 11-декабрдан кийин Түркияда келиши күтүлүүдө",- деди ал.


Этикеткалар: #вакцина , #Түркияда

Тектеш кабарлар