СOVID-19: Түркияда соңку абал

Акыркы 24 саатта вирустан 187 киши көз жумду.

1539196
СOVID-19: Түркияда соңку абал

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 187 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 14 миң 316 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 187 миң 518 тест жасалып, 6 миң 511 бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны 32 миң 381 болду.

Ооруканадан айыгып чыккан 4 миң 190 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 418 миң 331ге жогорулады.

 



Тектеш кабарлар