Президент Эрдоган БУУнун Ковид-19 саммитине кайрылуу жасады

Эрдоган Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын Ковид-19 саммитине видео кайрылуу менен катышты.

1539193
Президент Эрдоган БУУнун Ковид-19 саммитине кайрылуу жасады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, коронавируска (Ковид-19) каршы күрөштө ушул оор мезгилден чыгуунун ачкычы эл аралык кызматташтык жана глобалдык тилектештик экенин айтты.

Эрдоган Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын Ковид-19 саммитине видео кайрылуу менен катышты.

Эл аралык коомчулуктун 21-кылымдын эң чоң глобалдык сыноосуна туш болгонун белгилеген Эрдоган: «Бул татаал мезгилди жеңүүнүн ачкычы- эл аралык кызматташтык жана глобалдык тилектештик болуп саналат. Чара көрүүлөрдүн инклюзивдүү болушу, аялуу жана жакыр топтордун муктаждыктарына көңүл буруу зарыл»,- деди.

БУУнун системасынын бүгүнкү коркунучтардын жана муктаждыктардын негизинде реформаланышы керектигин айткан президент, БУУнун тутумун натыйжалуу, демократиялуу, адилеттүү жана ачык кылуу үчүн Башкы Ассамблеянын күчтөндүрүлүшү керек деген ишенимин билдирди.

БУУнун 75-Башкы Ассамблеясынын төрагасы элчи Волкан Бозкыр да өзү жетектеген саммитте сүйлөгөн сөзүндө, Ковид-19дун бардык адамдардын жашоосуна таасир эткенин жана БУУнун 75 жылдык тарыхында биринчи жолу ушундай маселеге туш болгонун белгилеп: «Ковид-19 албетте биринчи кезекте ден-соолукка байланыштуу маселе болуп саналат. Бирок ошол эле учурда экономикалык жана гуманитардык кризис, өнүгүү жана адам укуктары кризиси болуп эсептелет»,-деди.



Тектеш кабарлар