Эрдоган: «Аялдардын укугуна шек келтирген адамдардын жолун бөгөө биздин мойнубуздагы карыз»

Президент Эрдоган, өзү төрагалыгын кылган Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) башкы борборунда «Добуш берүү жана шайлануу укугуна ээ болгон Түрк аялдарынын 86 жылдыгында» сөз сүйлөдү.

1539029
Эрдоган: «Аялдардын укугуна шек келтирген адамдардын жолун бөгөө биздин мойнубуздагы карыз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, аялдардын укугуна шек келтирген адамдардын жолун бөгөө алардын мойнундагы карыз экендигин билдирди.

Президент Эрдоган, өзү төрагалыгын кылган Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) башкы борборунда «Добуш берүү жана шайлануу укугуна ээ болгон Түрк аялдарынын 86 жылдыгында» сөз сүйлөдү.

Анын сөзүндө «Биз үй-бүлөгө каршы жасалган ар бир чабуулду жана коркутууну биздин жашообузга түздөн-түз жасалды деп эсептейбиз»,деген Эрдоган: «Зомбулукка кабылган аялдарды коргогондой эле, жикчил террордук уюм ПКК тарабынан тоого уурдалып кеткен кыздарыбызды дагы коргошубуз керек»,-деп айтты.

Президент Эрдоган, «Эч ким эч кимдин менчиги эмес болгону сыяктуу аялдардын дагы эч кимдин менчиги болбогону жана жоопкерчиликсиз жоруктарга дуушар болуусуна жол берилбеши керек»,-деди.

Эрдоган:«Зордук-зомбулукка кабылган ар бир аялды коргогондой эле, ишенимибизге жана кийимибизге байланыштуу басмырлоого дуушар болгон кыздарыбызды коргоо биздин милдетибиз»,-деп айтты.

Эрдоган аялдардын укугуна шек келтирген адамдардын жолун бөгөө адам катары алардын моюнундагы карыз экендигин айтты.



Тектеш кабарлар