Чавушоглу-Кулеба жолугушуусу
Чавушоглу министрликте өткөрүлгөн жолугушууга байланыштуу маалымат бөлүштү.
1538454

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу украиналык кесиптеши Дмитро Кулеба менен жолугушту.
Чавушоглу министрликте өткөрүлгөн жолугушууга байланыштуу Твиттердеги баракчасынан маалымат бөлүштү.
Кулеба менен чын ыкластуу жолугушуу өткөргөндөрүн айткан Чавушоглу: «Биз өзгөчө аскердик кызматташтык жана коргонуу өнөр жайы менен бирге мамилелерибизди чыңдоону улантабыз. Крым платформасынын демилгесин кубаттайбыз»,- деди.
Тектеш кабарлар

Түркия менен Греция кайрадан жолугушууларын баштайт
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Эгей деңизиндеги жана Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги көйгөйлөр талкууланат.