Чавушоглу: «Европа пандемияга байланыштуу терс тенденциянын чордонунда»

Чавушоглу, Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Курайши жана Финляндиянын тышкы иштер министри Пекка Хаависто катышкан TRT World Forum-2020 онлайн отурумунда сөз сүйлөдү.

1538464
Чавушоглу: «Европа пандемияга байланыштуу терс тенденциянын чордонунда»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) эпидемиясынын глобалдык жакырчылыкты жана теңсиздикти, ошондой эле ксенофобия, сабырсыздык, расизм жана антиисламизм сыяктуу тенденцияларды жогорулаткандыгын айтты.

Чавушоглу, Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Курайши жана Финляндиянын тышкы иштер министри Пекка Хаависто катышкан TRT World Forum-2020 онлайн отурумунда сөз сүйлөдү.

Чавушоглу, Ковид-19 пандемиясы ксенофобиянын, расизмдин жана антиисламизмдин күчөшүнө алып келдиби деген суроого, эпидемиянын алгач коомдук саламаттыкты сактоо маселеси катары башталып, андан кийин олуттуу социалдык жана экономикалык кесепеттерге алып келген глобалдык кризиске айланды деп жооп берди.

Эпидемиядан улам көбөйүп жаткан глобалдык жакырчылыкка жана теңсиздикке көңүл бурган Чавушоглу: «Бул ошондой эле, ксенофобия, сабырсыздык, расизм жана исламга каршы күрөшүү сыяктуу тенденцияларды көбөйттү. Тилекке каршы Европа мындай терс тенденциянын чордонунда. Албетте, мен Финляндияны ушул нерсеге кошпойм, бирок биз муну Батыш Европада абдан ачык байкоодобуз. Европанын күн өткөн сайын популисттик, расисттик жана иммигранттарга каршы риториканын барымтасына айланып баратканына тынчсызданып жатабыз»,-деди.

Чавушоглу, исламга жана мусулмандарга карата акарат сөздөрдүн жана жек көрүү сөздөрүнүн көбөйгөндүгүн айтып, мусулмандарга жасалган кол салуулардан улам Европадагы миллиондогон мусулмандардын коопсуздугу жана жыргалчылыгы коркунучта экендигин билдирди.

Популисттик жана расисттик сөздөрдүн радикалдарды жана террористтерди күчтөндүрүүгө гана кызмат кыла тургандыгын белгилеген Чавушоглу, бул тенденцияны өзгөртүү үчүн саясий лидерлердин дагы жооптуу экендигин, эгерде кичинекей саясий оюндарда расисттик мамилелер колдоого алынса, бардыгы утулуп калаарын айтты.

 



Тектеш кабарлар