АКИУнун жыйыны Түркиянын төрагалыгы астында өтөт

Башкы ассамблеясынын жыйыны 2-3-декабрда видеоконференция ыкмасы менен өткөрүлөт.

1538221
АКИУнун жыйыны Түркиянын төрагалыгы астында өтөт

Азык-түлүк коопсуздугу боюнча ислам уюмунун (АКИУ) Башкы ассамблеясынын жыйыны Түркиянын кожоюндугунда өткөрүлөт.

Айыл чарба жана токой чарба министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) адистештирилген уюму болгон АКИУнун 3-Башкы ассамблеясынын жыйыны 2-3-декабрда Айыл чарба жана токой чарба министрлиги тарабынан видеоконференция ыкмасы менен өткөрүлөт.

"Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) чөлкөмүндө азык-түлүк коопсуздугунун туруктуулугун жогорулатуу" деген темада өткөрүлө турган жыйынга мүчө жана конок өлкөлөрдүн министрлери, министрлердин орун басарлары жана көптөгөн жогорку деңгээлдеги өкүлдөр, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат.

Ушул кезге чейин ИКУга мүчө 34 өлкө тарабынан негиздөө келишимине кол коюлган Азык-түлүк коопсуздугу боюнча ислам уюмунун (АКИУ) иштөө тармактарынын арасына айыл чарба, айыл аймактарын өнүктүрүү, азык-түлүк коопсуздугу, маалымат жана технологиялык бөлүшүү, чөлгө айлануу, токойлордун жок болушу, эрозия, сууну натыйжалуу пайдалануу жана жугуштуу оорулар сыяктуу маселелер кирет.



Тектеш кабарлар