Түркияда бир сутканын ичинде 180 миң 312 Ковид-19 тести жасалды

Бир күндө вирус жуктурган киши саны 30 миң 110 болду.

1537836
Түркияда бир сутканын ичинде 180 миң 312 Ковид-19 тести жасалды

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 190 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 13 миң 936 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 180 миң 312 тест жасалып, 6 миң 439 бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны 30 миң 110 болду.

Ооруканадан айыгып чыккан 4 миң 593 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 409 миң 320га жогорулады.



Тектеш кабарлар