Президент Эрдоган Украинанын премьер-министрин кабыл алды

Президенттик комплекстеги кабыл алуу 50 мүнөткө созулду.

1537229
Президент Эрдоган Украинанын премьер-министрин кабыл алды

Президент Режеп Таййип Эрдоган борбор шаар Анкарада Украинанын премьер-министри Денис Шмыгалды кабыл алды.

Президенттик комплекстеги кабыл алуу 50 мүнөткө созулду.

Премьер-министр Шмыгаль кабыл алуудан кийин Твиттердеги баракчасынан бөлүшкөн билдирүүсүндө, Эрдоган менен сүйлөшүүгө кубанычта болгонун, Түркиянын Кара Деңизде туруктуулукту жана ишенимди камсыз кылуучу негизги өлкөлөрдүн бири экенин жана бул жагынан маанилүү ролду ойногонун айтты.

Украинанын Түркия менен кызматташтыгын чыңдоону каалагандыгын белгилеген Денис Шмыгаль: «Эркин соода келишими бул кызматташууга түрткү берет»,-деди.



Тектеш кабарлар