Алтун: «Түркия Европа Биримдиги менен тыгыз мамиле түзүүнү каалайт»

Алтун, TRT World Forum 2020нын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө, Түркия катары жаңы кронавирус түрүнөн (Ковид-19) келип чыккан кризистен чыгуу үчүн жана жакшы келечек үчүн биргелешип иштөөнүн күчүнө ишенебиз деп айтты.

1537611
Алтун: «Түркия Европа Биримдиги менен тыгыз мамиле түзүүнү каалайт»

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун, Түркиянын Европа Биримдиги (ЕБ) менен тыгыз мамиле түзүүнү каалаганын жана буга аракет кылып жатканын айтты.

Алтун, TRT World Forum 2020нын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө, Түркия катары жаңы кронавирус түрүнөн (Ковид-19) келип чыккан кризистен чыгуу үчүн жана жакшы келечек үчүн биргелешип иштөөнүн күчүнө ишенебиз деп айтты.

«Бирок эл аралык кызматташтыкты тең укуктуулуктун, өз ара кызыкчылыктардын жана жалпы баалуулуктардын негизинде гана өнүктүрүүгө болот», - деди ал.

Сөзүндө Европа Биримдиги жана Түркия карым-катнаштарына жана Европада кеңейип келе жаткан мусулман душмандыгына токтолгон Алтун: «Бардык жагынан үлгүлүү азчылык болгон Европадагы түрк коому да агрессивдүү басмырлоого туш болууда. Ал тургай Өзлем Түрежи жана анын жубайы Угур Шахин Ковид-19 вакцинасын тапканына карабастан, бул абал өзгөргөн жок. Баардыгынын жыргалчылыгы үчүн, биз европалык досторубузду тарых кайталана электе иммигранттарга жана мусулмандарга каршы түшүнүктүн алдын алууга чакырабыз»,-деди.

Түркиянын ЕБ менен тыгыз мамиле түзгүсү келгендигин жана ал үчүн иштей тургандыгын түшүндүргөн Алтун: «Биргелешкен кызматташтык жана биздин биримдигибиздин иштеши Европадагы жек көрүү жана басмырлоо чакырыктарына каршы турууда маанилүү болот. Биримдиктин бул дүйнөдө көйгөй болбогонун далилдөөнүн бирден-бир жолу, мусулмандар менен Түркияга урмат көрсөтүүсү. Себеби достук, эки жүздүүлүк жана менменсинүү менен айкалышпай тургандыгы ачык белгилүү»,деген серебин салды.

Келечектеги трагедиялардын алдын алуу үчүн эң негизги жагдай фактыларга жарык берүү экендигин белгилеген Алтун, TRT World менен биргеликте ТРТ Арабча, ТРТ Орусча жана ТРТ Немисче каналдары, учурдагы жаңылыктарды адам жана баалуулукка негизделген көз караш менен көрүүчүлөрүнө жеткирип, «унчукпастын үнү» болуу менен журналистикадагы өзгөчө тилди жаратууга жетишкендигин айтты.



Тектеш кабарлар