«Тынчтык булагы» аймагына кирүүгө аракет кылган террористтер жок кылынды

Улуттук Коргоо министрлигинин (MSB) социалдык тармактагы Твиттер эсебинде жарыяланган билдирүүдө, террористтер «Тынчтык булагы» аймагына кирүүгө аракет кылышканы кабарланды.

1536826
«Тынчтык булагы» аймагына кирүүгө аракет кылган террористтер жок кылынды

Сириянын түндүгүндөгү «Тынчтык булагы» аймагында жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГге мүчө төрт террорист жок кылынды.

Улуттук Коргоо министрлигинин (MSB) социалдык тармактагы Твиттер эсебинде жарыяланган билдирүүдө, террористтер «Тынчтык булагы» аймагына кирүүгө аракет кылышканы кабарланды.

Билдирүүдө, «Тынчтык жана коопсуздук чөйрөсүн бузуу максатында «Тынчтык булагы» аймагына кирүүгө аракет кылган 4 ПКК / ЙПГ террористи биздин баатыр десанттарынын ийгиликтүү кийлигишүүсү менен жок кылынды»,делди.

Экинчи жагынан, Ички иштер министрлиги 20 жылдан бери жикчил террордук уюмда жүргөн террорист ынандыруу жолу менен багынып бергенин билдирди.

Сөз болуп жаткан террористтин уюмга 2000-жылы кошулуп, акыркы жолу Сирияда жүргөнүгү маалымдалган билдирүүдө, 1-январдан бери жалаң гана ынандыруу менен келген уюмдун мүчөлөрүнүн саны 216га жеткени белгиленди.



Тектеш кабарлар