Түркия Ооганстандагы кол салууну айыптады

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги тарабынан жазуу түрүндөгү билдирүү жарыяланды.

1536448
Түркия Ооганстандагы кол салууну айыптады

Түркия,Ооганстанда кечээ болгон террордук кол салууну айыптады.

Тышкы иштер министрлиги тарабынан берилген жазуу түрүндөгү билдирүүдө, Газни провинциясындагы террордук кол салууда көбү коопсуздук кызматкерлеринен турган көптөгөн адамдын өмүрүн кыйылганын жана жаракат алганын терең кайгыруу менен уккандары кабарланды.

Билдирүүдө,«Биз бул мыкаачылык кол салууну айыптайбыз. Кол салуудан курман болгондордун жаткан жери жайлуу болушун, жаракат алгандардын тезинен сакайып кетүүсүн тилейбиз жана боордош ооган элине жана өкмөтүнө көңүл айтабыз. Ооганстандагы тынчтык аракеттеринин ийгиликтүү болушун каалаган ок атышууну токтотуу боюнча ар тараптуу жана токтоосуз чакырыгыбызды кайталайбыз»,делди.


Этикеткалар: #Ооганстанда , #Түркия

Тектеш кабарлар