«Оруч Рейс» кемеси Анталья портуна кайтып келди
Эки өлчөмдүү сейсмикалык изилдөөлөр аяктады.
1536925

Түркиянын «Оруч Рейс» сейсмикалык изилдөө кемеси Жер Ортолук деңизинде эки өлчөмдүү сейсмикалык изилдөө иштерин жүргүзүп, Анталья портуна кайтып келди.
Энергетика жана жаратылыш ресурстары министрлигинин Твиттердеги билдирүүсүндө: «Биздин "Оруч Рейс" сейсмикалык изилдөө кемебиз Демре аянчасында 10-августта баштаган эки өлчөмдүү сейсмикалык изилдөөлөрдү аяктады. 10 миң 955 километр 2В сейсмикалык маалыматтарды топтогон кемебиз Анталья портуна кайтып келди», деген сөздөр камтылды.