Чавушоглу НАТОнун жыйынына катышат

НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйыны болот.

1536910
Чавушоглу НАТОнун жыйынына катышат

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 1-2-декабрда боло турган НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышат.

Коронавируска байланыштуу телекөпүрө ыкмасы менен өткөрүлө турган жыйында, уюмдун саясий ролун күчтөндүрүү максатында башталган НАТОнун 2030-жылга карата баа берүү процесси менен Европа-Атлантика аймагындагы кырдаал талкууланат.

Жыйында айрыкча Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африка, Балкан өлкөлөрү жана Кара деңиздеги акыркы окуялардын сүйлөшүлүшү күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар