Эрдоган: «Түркия бардык аянтчаларда Кудс ишин коргоп келди»

Бахчелиевлердеги Парламенттер аралык Кудс платформасынын жаңы имаратынын ачылыш аземинде президент Эрдогандын билдирүүсү окулду.

1536323
Эрдоган: «Түркия бардык аянтчаларда Кудс ишин коргоп келди»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркия бардык аянтчаларда Кудс ишин коргоп келгенин белгиледи.

Бахчелиевлердеги Парламенттер аралык Кудс платформасынын жаңы имаратынын ачылыш аземинде жана  «29-ноябрь Палестина эли менен Эл аралык тилектештиктин күнү» иш-чарасынын алкагында уюштурулган программада президент Эрдогандын билдирүүсү окулду.

Эрдоган өз билдирүүсүндө жаңы кызматтык имаратынын пайдалуу болушун каалады.

Эрдоган:«Мен Палестина эли менен тилектештиктин күнүнөн улам Палестина элине чын дилимден салам жолдойм. Парламенттер аралык Кудс платформасы өзүнүн иши, жолугушуулары жана конференцияларынын жардамы менен дүйнөлүк деңгээлдеги палестиндик боордошторубуздун акыйкат ишинин үнү жана деми болду. Сиздердин өлкөңүздө жасаган иш-аракеттериңизди жана Кудс платформасынын мүчөлөрү катары аткарган иштериңиздерди өтө кымбат деп эсептейм»,-деди.

Кудс маселеси бир гана Палестинадагы мусулмандардын маселеси эмес экендигин, бул 1,8 миллиард ислам дүйнөсүнүн маселеси экендигин белгилеген Эрдоган: «Түркия бардык аянтчаларда Кудс маселесин коргоп келет, Палестинадагы бир туугандарыбызга карай баскынчылык,  куугунтуктоо жана геноцид саясаттарынын токтотулушу үчүн болгон күчүбүз менен аракет кылып жатабыз. БУУнун чечимдери жана Араб Тынчтык Демилгесинин негизинде  1967-жылдагы чек аралар менен борбору Чыгыш Кудс болгон, көзкарандысыз, чектеш жана эгемен Палестина мамлекети негизделгенге дейре биз күрөштү чечкиндүүлүк менен улантабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар