Түркияда бир сутканын ичинде 174 миң 443 Ковид-19 тести жасалды

Акыркы 24 саатта вирустан 182 киши көз жумду.

1536101
Түркияда бир сутканын ичинде 174 миң 443 Ковид-19 тести жасалды

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 182 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 13 миң 373 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 174 миң 443 тест жасалып, 6 миң 714 кишиде вирус аныкталды.

Ооруканадан айыгып чыккан 3 миң 611 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 396 миң 227ге жогорулады.



Тектеш кабарлар