Түрк интерполу издөөдө жүргөн ПКК террористин кармады

Түрк полициясы, антитеррордук операцияларын үзгүлтүксүз улантып жатат.

1535806
Түрк интерполу издөөдө жүргөн ПКК террористин кармады

Түрк интерпол полициясы, "өлкөнүн бүтүндүгүн бузду" деген айып менен изделген жикчил террордук уюм ПКК мүчөсү террорист Мехмет Шевишоглуну Иракта колго түшүрүп Түркияга алып келди.

Өлкөдө антитеррордук операцияларын үзгүлтүксүз улантып жаткан түрк полициясы, чет өлкөгө качып кеткен террористтерди да таап чыгууда.

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда, 24 башка кылмыш иши, анын ичинде "өлкөнүн бүтүндүгүн бузду" деген айып менен издөөдө жүргөн 26 жаштагы ПКК террористи Мехмет Шевишоглунун Иракта экени аныкталды.

Полициянын башкы директорлугунун Интерпол-Европол департаментинин топтору террорист Шевишоглуну бейшемби күнү Иракта жүргүзгөн операциясында кармады.

Ошол эле күнү Түркияга алынып келинген Шевишоглу, полиция бөлүмүндөгү сурак иштеринен кийин сотко жөнөтүлдү.

Түркиянын Интерпол полициясы бир нече күн мурун Фетуллахчы террордук уюмунун (ФЕТӨ) Алжирдеги уландысында иштеген жана "куралдуу террордук уюмдун мүчөсү" деген айып менен изделген кишини да Алжирде колго түшүрүп Түркияга алып келген болчу.



Тектеш кабарлар