TRT World Forum-2020 президент Эрдогандын ачылыш сөзү менен башталат

Дүйнөнүн ар кайсы аймактарынан катыша турган лидерлер, адистер, окумуштуулар жана белгилүү ысымдар коронавирус пандемиясынан кийин өзгөргөн тең салмактуулукту TRT World Forum-2020да талкуулашат.

1535908
TRT World Forum-2020 президент Эрдогандын ачылыш сөзү менен башталат

«Пандемиядан кийинки дүйнөдөгү эл аралык тартип жана өзгөргөн динамикалар» темасы менен 1-2-декабрь күндөрү санариптик түрдө өткөрүлө турган TRT World Forum-2020 президент Режеп Таййип Эрдогандын ачылыш сөзү менен башталат.

Дүйнөнүн ар кайсы аймактарынан катыша турган лидерлер, адистер, окумуштуулар жана белгилүү ысымдар коронавирус пандемиясынан кийин өзгөргөн тең салмактуулукту TRT World Forum-2020да талкуулашат. ТРТ тарабынан 1-2-декабрь күндөрү онлайн режиминде өткөрүлө турган иш-чарага, президент Режеп Таййип Эрдоган жылдагыдай эле быйыл да ардактуу конок катары катышат.

2017-жылдан берки бардык ТРТ World Форумдарына катышып Түркия жана дүйнөлүк күн тартибине байланыштуу олуттуу билдирүүлөрдү жасаган жана билдирүүлөрү дүйнөлүк басма сөзгө чагылган президент Эрдогандын быйылкы иш-чарада да маанилүү билдирүүлөрдү жасашы күтүлүүдө.

Мамлекеттик жетекчилер TRT World Forum-2020да жолугушат.

TRT World Forum-2020га президент Эрдогандын жакын кесиптештери Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун жана Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калын, өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк жана тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу дагы катышат. Коммуникация башкармалыгынын башчысы Алтундун дүйнөлүк күн тартибине байланыштуу маанилүү билдирүүлөрдү жасашы күтүлгөн иш-чарада, мурунку жылдардагыдай эле быйыл дагы дүйнөнүн төрт бурчунан улуттук жана эл аралык катышуучулар аркылуу негизги темалардын күн тартибинде болушу көздөлүүдө.

«Пандемиядан кийинки дүйнөдөгү эл аралык тартип жана өзгөргөн динамикалар» аттуу форумда, мамлекеттик жетекчилер маанилүү темалардагы отурумдарга катышышат. Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калын «Пандемия мезгилинде көп уюлдуу дүйнө: Глобалдык кызматташуунун келечеги», тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу «Мамлекеттер аралык мамилелерде Ковид-19дан кийинки жаңы доор», өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк болсо «Пандемиядан кийинки дүйнөдөгү технологиянын келечеги» аттуу отурумдарга катышып дүйнөлүк маселелер талкууланат.

TRT World Forum-2020га катталуу жана иш-чара жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн www.trtworldforum.com веб-сайтына кире аласыздар.



Тектеш кабарлар